Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Бишкекте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 12 жылдыгы белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин борбордук Алатоо аянтында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 12 жылдыгына арналган аскердик парад болуп өттү. Ага президент А.Акаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагалары, мамлекеттик кызматкерлер жана шаар тургундары катышты. Коргоо, Ички иштер министрликтеринин жана Улуттук гвардиянын жоокерлеринин аскердик парадын коргоо министринин орун басары Асылбек Ормокоев башкарды. Аны коргоо министри Эсен Топоев кабыл алып, өлкөнүн калкын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Параддын соңунда Бишкек шаарынын ишкана-мекемелеринин кызматкерлери басып өтүштү. Ушундай эле багыттагы иш-чаралар облустук борборлордо да болуп өттү.

XS
SM
MD
LG