Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Орусиянын деңизге чөккөн эски атомдук кемесиндегилер изделип жатат


Баренц деңизинде ишемби түнү Орусиянын суу астында жүрүүчү эски атомдук кемесинин чөгүп кетүүсүнө кеменин экипажы күнөөлүү эмес. Мындай билдирүүнү Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов кеменин курман болгон кызматкерлеринин туугандары менен жолугушуу учурунда билдирди. “К-159” классындагы суу астында жүрүүчү атомдук эски кеме Полярный портуна жок кылуу үчүн сүйрөтүп баратканда чөгүп кеткен. Андан кеменин экипажынын бир мүчөсү гана аман калып, ону набыт болгон. Азыр өлгөндөрдүн экөөнүн сөөгү табылды. Калгандарыныкын издөө жүрүп жатат. Коргоо министри Сергей Иванов бул кырсыктан кийин эски атомдук кемелерди аларды талкалап жок кылуучу жайга жеткирүүгө тыюу салды. Ал эми эл аралык экологиялык уюмдар иштен чыккан кемелерди бир жерден экинчи жерге сүйрөп барууга тыюу салууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG