Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

ООГАНСТАНДА КЫРГЫЗДАР ШАГЫЛ, КУРУЛУШ ЗАВОДДОРУН КУРУП ЖАТЫШАТ


Кожогелди Култегин, Ош 24 жылдык согуштан бир далай кыйроого учураган Ооганстанда азыр калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин көбүнчө чет өлкөлөрдөн келген инвесторлор колго алышууда. Кыргызстандан Оштогу «Акташ» акционердик коому биринчилерден болуп Ооганстанга барып биргелешкен ишкана түзүп, шагыл жана кыш заводдорун куруп аткан кези.

Оштогу «Акташ» акционердик коому негизги эки жагдайдан улам Ооганстанда өзүнүн ишканаларын түзүүдө. Биринчиси - акционердик коомдун кыш, шагыл, гипс чыгарчу заводдору Ошто соңку жылдары өзүнүн толук кубаттуулугунда иштебей калган. Анткени анчалык көлөмдөгү продукцияны сатып алып, керектей тургандар жок. Маселен, кыш заводунун эле жылына 120 млн. даана кыш чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал соңку жылдары керектөөнүн көлөмүнө жараша 12, 15 млн. гана даана кыш чыгарат. Анткен менен технологиялык жабдууларын толук сактап калган. Дал ошол жабдууларды толук ишке кириштирүү зарылдыгы бар эле. Экинчиден, ишкана куруш үчүн Ооганстандан орун-очок алуу ушул кезде кыйла жеңил. Кабулда «Акташ» акционердик коомунун катышуусу менен «Дельта Интернешнл» аттуу кыргыз-ооган биргелешкен ишканасы түзүлгөн. Анын алгачкы аткарып жаткан иштери тууралуу «Акташ» акционердик коомунун президенти Эмилбек Касымалиев мындай дейт:

- Ооганстанга барып иштеп келгенге шарт түздүк. Алар менен контракт түзүп, биз бул жактан инвестор катары техниканы, жабдууларды, адистерди алып бара турган болдук. Оштон Кабулга чейинки чыгашаларды, ошол жердеги заводдун курулуш чыгашаларынын баарын ооганстандыктар көтөрө турган болду. Ошол максат менен биз бир жылдын ичинде бир топ чоң иш кылып койдук. 10-сентябрда шагыл заводун ишке киргизебиз. Январга чейин кыш заводу ишке кирет. Андан тышкары, Мазаришариф жана Кундуз деген эки шаарына дагы кыш заводун кура турган болдук.

10-сентябрда ишке кирише турган шагыл заводу бир жылда 200 миң куб таза шагыл өндүрөт. Продукциянын сапаты жакшы болгондуктан, жол куруу иштерине эмес, жалаң бетон иштерине керектелмекчи. Заводдун курулушунун эң негизги себеби – шагыл менен кум курулуш иштерине биринчи кезекте керектелет. Анын үстүнө Кыргызстандан алып барылган жабдуулар толук даяр болчу. Кыш заводун куруш үчүн оболу имарат салыш керек. Ал узагыраак процесс, ошондуктан кыш заводу экинчи орунга коюлган. Азыр курулуш иштерин аркалаган чет өлкөлүк фирмалар Ооганстанда өзгөчө көбөйүп жаткандыгын Эмилбек Касымалиев төмөнкүчө баяндады:

- Мен былтыр ноябрда барганда таптакыр эч ким жок болчу. Мен биринчи деп ойлогом, өзүмдү. Бул жактан техниканын баарын оңдоп барганча 5-6 ай өтүп кетти эле. Быйыл барсам ал жерге ирандыктар, түрктөр, кытайлар келишиптир, бизге окшоп эле шагыл заводдорун куруп. Негизинен курулуш, жол курулушу боюнча аябай көп мекеме кирген, Ооганстанга. Мындай темп менен кетсе Ооганстан 5-10 жылдын ичинде аябай чоң ийгиликке жетет.

«Акташ» акционердик коому биргелешип түзгөн «Дельта Интернешнл» ишканасы Кабулдан шагыл заводу үчүн 25 гектар, кыш заводу үчүн 30 гектар жерди сатып алган. Кыргызстандан барган инженер-адистер 500 доллардын тегерегинде, жумушчулар 200 доллардын тегерегинде маяна алышат. Ооганстан мамлекетинин башчысы Хамид Карзай сырттан келген инвесторлордун коопсуздугун камсыз кылуу, аларга бажыканаларда, салык төлөөдө жеңилдиктерди берүү боюнча мыйзамга кол койгон. Ага карабастан, сырттан келгендер Ооганстанда коркунучка, тоскоолдуктарга кабылышат.

- Коркунуч бар, - дейт бул тууралуу Эмилбек Касымалиев. – Себеби, биздин өнөктөштөр биздин барып иштеп аткан адистерге, ал тургай мен барганда мага дагы атайын сакчы коюп, коштоп, коопсуздугубузду камсыз кылып атышат. Кээ бир түшүнбөстүктөр да бар экен. Мисалы, бажы кызматында туура эмес документ даярдап алып, биздин алып барган жабдууларды, механизмдерди «бажы көзөмөлү» деп 15 күн кармашты. Мага ал жактан телефон чалышты. Мен барып 2-3 күндүн ичинде ал маселени чечтим.

«Акташ» акционердик коому кытайлык фирмалар менен биргелешип Ооганстанда турак-жай сала турган ишкана түзөөрү да макулдашылгын. Ал эми сөз болуп жаткан акционердик коомдун президенти Эмилбек Касымалиев Ош облусунун губернаторунун буйругу менен жакында Ош облусунун Ооганстандагы соода иштери боюнча өкүлү болуп да дайындалды. Заводдор ишке киришсе, бул багытта да иштер жүргүзүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG