Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:02

АКШ президенти БУУдан Ирак боюнча жаңы резолюцияны колдоону өтүнөт


АКШнын президенти Жорж Буш Бириккен Улуттар Уюмунан согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү боюнча жаңы резолюциянын долбоорун колдоону БУУдан өтүнөт. Жаңы резолюция эл аралык бейпилдик күчтөрдү түзүп, аны Иракка жиберүү максатын көздөйт. Эл аралык бейпилдик күчтөр түзүлсө Вашингтон аны Иракка АКШнын жетекчилигинин астында гана жиберүүнү көздөөдө. Ага Германия менен Франция макул эместигин билдирип, эл аралык бейпилдик күчтөргө Бириккен Улуттар Уюму жетекчилик кылган күндө гана өз аскерлерин жиберүүгө макул экендигин жарыя кылышты.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG