Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикке доомат койду


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик-МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасын тынчтык максатында өнүктүрүү укугун тааныбаса, Тегеран Улуттар Уюмунун агенттиги менен кызматташууну токтотушу ыктымал.
Мындай эскертүүнү Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази өкмөттүк ИРНА жаңылыктар агенттиги аркылуу бүгүн жасады.
Харрази билдирүүдө МАГАТЭни Иранга текеберчилик кылып, “экстремист сыңары мамиле жасоодо” деп да күнөөлөйт.
МАГАТЭнин бүгүн Венада болчу жыйынында Иранды октябрь айынын соңуна чейин өзөктүк куралдарды жайылтпоо тууралуу өзүнө алган милдеттенмелерин толук аткарууга чакырган резолюция кабыл алынат деп күтүлүүдө.
МАГАТЭнин инспекторлору 26-август күнкү билдирүүсүндө Ирандын Натанз электр станциясындагы өзөктүк жабдуулардан байытылган урандын издерин табылганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG