Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:04

Эстония: референдумдун натыйжасы


Эстониялык шайлоочулардын 67 проценти жекшемби күнкү референдумда өлкөнүн Евробримдикке мүчө болуп өтүүсүн жакташты.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы Эстониянын келерки жылдын май айында Ортолук жана Чыгыш Европанын 7 өлкөсү, Мальта жана Кипр менен чогуу Евробримдикке кошулуусуна кеңири жол ачат.
Эстониянын президенти Арнолд Рютель добуш берүүнүн жыйынтыгына мындай баасын берди:

- Референдумдун жыйынтыгы өтө жакшы, бул биз үчүн өтө жакшы жана Эстония үчүн баары жакшы.

Ал эми премьер-министр Юхан Партстын айтымында:

- Рефрендумдун жыйынтыгы демократия Эстонияда сыноодон өткөнүн күбөлөйт.

Борборшайлоокомдун маалымдашынча, жекшемби күнкү референдумга эстониялык шайлоочулардын 63 проценти катышкан.
Балтия боюндагы мурдакы советтик республикада 1,5 миллион калк жашайт.

XS
SM
MD
LG