Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

Орусия менен Беларустун орток валютасын киргизүүгө газ маселеси кедерги


СОЧИ. Орусия менен Беларустун президенттери орток валютаны киргизүү иштери жүрүп жатканын, бирок ага газ маселесинин чечилбей жатканы кедерги экенин билдиришти. Президенттер Владимир Путин менен Александр Лукашенко кечээ Сочиде жолугушту. Лукашенко рубль 2005-жылдын биринчи январынан тарта эки өлкөнүн орток акча бирдиги болуп кала турганын айтты, ал эми Путин орток акча Беларустун көз караандысыздыгына зыян келтирбей турганына ишендирди. "Европада евро орток акчасы жүгүртүлүүдө. Бирок бул Германия, Франция жана башка өлкөлөрдүн суверендүүлүгүнө шек келтирген жок. Алар кайра орток акчанын киргизилишинен пайда көрүп жатышат", - деди Путин. Жолугушууда эки жетекчи экономика маселелерин жана Орусиянын келээрки жылдан баштап Беларуска газды дүйнөлүк баа боюнча сатуу чечимин талкуулашты.

XS
SM
MD
LG