Беларус бийлиги өлкөдөгү дагы бир адам укугун коргоочу уюмду жабууну көздөп жатат. «Весна» аттуу адам укугун коргоочу уюмдун башчысы Олес Беляцкийдин айтымында, ал жетектеген уюмду жабууну өтүнүп Беларустун юстиция министри Виктор Голованов сотко кайрылды. Министр тарабынан сотко берилген арызда «Весна» уюму мыйзамсыз юридикалык жардам көрсөтүүдө жана 2001-жылы президенттик шайлоого өз байкоочуларын жиберди деп айыпталган. Өткөн жумада юстиция министрлигинин талабы менен Минск шаардык соту адам укугун коргоочу бир уюмду жапкан эле. Ал уюм 1999- жана 2000-жылдары оппозиция мүчөлөрүнүн дайынсыз жоголушун иликтеп жаткан.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Айданбек Акмат уулу, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Айданбек Акмат уулу, Прага