Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Орусияда Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун авиабазасын Кантка жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коюлганы калды


БИШКЕК. 20-24-сентябрь күндөрү президент Аскар Акаев баштаган кыргызстандык делегация Орусияга иш сапары менен барат. Тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун айтымында, Орусияда эки өлкөнүн коргоо министрлери Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн авиабазасын Кант аба майданына жайгаштыруу тууралуу келишимге коюшат. Анда ошондой эле буга чейин кол коюлган «Эмгек миграциясы тууралуу» келишимге өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу протоколго, «Жашыруун маалыматтарды коргоо тууралуу» келишимге кол коюлмакчы. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарына караганда, иш сапарынын учурунда Аскар Акаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушат. Мындан тышкары, Кыргызстандын президенти Москва университетинде болуп, Орусиянын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен пикир алмашат.

XS
SM
MD
LG