Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

КЫРГЫЗСТАНДА IV ИНВЕСТИЦИЯЛЫК МАТРИЦА ИШКЕ КИРДИ


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстандын тышкы карызы өсүп кетип, мамлекеттик инвестициялардын азайып жатканына байланыштуу Кыргызстан өзүнүн мындан аркы өсүп-өнүгүшү үчүн анын ордун түз инвестиция менен толтурууга тийиш. Ошондуктан жалпы коомчулукка «инвестициялык матрица» деген ат менен белгилүү болгон, чет өлкөлүк инвесторлорго жагымдуу шарт түзүүгө багытталган программа артыкчылыктуу деп жарыяланган. Быйыл III инвестициялык матрицаны ишке ашыруу аяктап жатат. Өкмөт шаршемби күнү кезектеги IV инвестициялык матрицаны ишке киргизүү боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

Шаршемби күнү өкмөт IV инвестициялык матрицаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Буга байланыштуу өткөрүлгөн кеңешмеде өкмөт башчысы Николай Танаев келерки жылы түз инвестициялардын көлөмүн кескин арбытуу зарыл экендигин белгиледи.

- Быйыл биринчи жарым жылдыкта түз инвестициялар өткөн жылга салыштырмалуу 16% көп болду. 43,3 млн. доллар тартылды. Бирок бул абдан аз. “Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери” программасына жана Жакырчылыкты азайтуунун улуттук стратегиясына ылайык биз мамлекеттик инвестицияларды 3% чейин азайтышыбыз керек. Бул болсо, биз инфраструктураны жоготуп албашыбыз керек, экономика өсүп, социалдык проблемаларды чечиш үчүн түз инвестицияларды тартуу боюнча ишти күчөтүшүбүз зарыл дегенди билдирет. Биз чет өлкөлүк түз инвестицияларды ички дүң продуктунун 30% жеткидей тартышыбыз керек. Биздин алдыбызга коюлган чек ушу, - деди Николай Танаев.

IV инвестициялык матрицанын негизин июль айында Чолпоната шаарында болуп өткөн III инвестициялык саммитте айтылган ой-пикирлер түзөт. Чет өлкөлүк донорлордун өкүлдөрүнүн, өкмөт мүчөлөрүнүн жана кыргызстандык ишкерлердин саммитте айтылган конкреттүү сунуштарын Чет өлкөлүк ивестицияларды тартуу боюнча катчылык иретке салган. Иш-чаралардын мазмуну, аткаруучулары жана мөөнөтү так көрсөтүлгөн атайын программа иштелип чыккан. Программага III матрицага киргизилип, бирок аткарылбай калган иш-чаралар да кошулду. Ал программаны президент 3-сентябрдагы жардыгы менен бекиткен болчу. Анын мазмуну тууралуу Жоомарт Оторбаев бизге буларды айтты:

- Ишканаларга жана ишкерлерге мамлекеттин кийлигишүүсү аз болушу керек. Лицензияларды, уруксат кагаздарын жана сертификаттарды азайтуу зарыл. Эркин экономика курушубуз керек. IV матрицанын көпчүлүк пункттарынын негизинде ушул идея жатат. Бүгүн биз ар бир министрликке жана ведомствого конкреттүү план бердик.

Кийинки 3 жыл ичинде 3 матрица кабыл алынган. Оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана депутаттар «матрица деп көп айтканыңар менен инвестиция көбөйгөн жок» деп сындап келишет. Өкмөт башчысы шаршемби күнкү кеңешмеде бул сынды четке каккандай сөз айтты.

- Биз акырындап отуруп ушу күнгө жеттик. Чынын айтсам тиги же бул тармакка инвестиция салуу тууралуу көп сунуштар түшүп жатат. Тоо-кен өнөр жайына көп сунуш түшүп жатат. Энергетикага да көп сунуш түштү. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагына да сунуштар бар. Бул инвестициялардын келишине жагымдуу шарт түзүү боюнча министрликтердин ишинин жыйынтыгы болуп эсептелет, - деди Николай Танаев. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстанга көп инвестиция салган өлкөлөр туурасында буларды айтып өттү:

- Мисалы, былтыр биринчи орунга Америка Кошмо Штаттары, экинчи орунга Орусия Федерациясы, үчүнчү орунга Түркия чыкты. Бул жерде айта кетчү бир нерсе - былтыр КМШ мамлекеттеринен келген түз инвестициялар 4 эсе көбөйдү. Анын көпчүлүгүн Орусия менен Казакстандын инвестициялары түзөт. Быйылкы жылдын 6 айынын ичинде Орусиянын инвестициялары 60% өстү. КМШ өлкөлөрү биздин экономикага көбүрөөк көңүл бура башташты.

XS
SM
MD
LG