Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

ДЕПУТАТТАР БАЛДАР ООРУКАНАСЫН КӨЧҮРҮҮГӨ КАРШЫ ЧЫГЫШУУДА


Кубат Оторбаев, Бишкек шаары «Ысыккөлдө эс алуучу туристтердин коопсуздугу максатында» деп өкмөт Чолпоната шаарындагы балдарды кургак учуктан дарылоочу санаторийди Түп районуна көчүрүү боюнча чечим кабыл алган. Бийликтин мындай кадамына нааразы болгон депутаттар бул маселе боюнча атайын токтом кабыл алган. 19-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынында Саламаттык сактоо тармагынын абалы талкууга алынып, өкмөттүн дарегине санаторийге байланыштуу сындар айтылды.

Депутат Бакыт Керимбековдун пикиринде, дарыланып жаткан балдардын саны азайып жаткандай түр көрсөтүү максатында санаторийге оорулууларды кабыл алуу токтотулду:

- Бул иш-аракеттер «балдар толбой жатат, ошондуктан, санаторий башка жакка которулууда» деген пикир түзүү үчүн жасалууда.

Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов депуттар алдында сүйлөгөн сөзүндө «санаторийди көчүрүүгө алгач өзүм да каршы болгонмун» деди:

- Бир топ жерлерди сунуш кылышты албай коюп жаттык. «Мына бул жерди бергиле» дедик, сураган жерибизди беришкен жок. Маселени катуу эле коюп жаттык, ал өтпөдү, өтпөсө эмне кылабыз эми?!..

Кийин журналисттерге берген маегинде министр мындай пикирин ортого салды:

- Түп районундагы кесиптик-техникалык окуу жайдын төрт кабаттуу, абалы жакшы имаратын санаторийге деп берип жатат. Бирок, Түптө аба салкынырак, суугурак, ошонусу бар.

Бир катар депутаттар санаторий “Кыргызстандагы айрым таасирлүү адамдарга тоскоол болуп жаткан болуу керек, ошол себептен аны көчүрүп жатышат ко” деген пикирлерин айтышууда. Депутат, кесиби боюнча дарыгер Ташболот Балтабаев да ошондой деп болжолдойт:

- Адеп-ахлактык, моралдык жактан алганда бул чечимди өтө эле олдоксон, копол чечим деп эсептейм. Балким, Ысыккөлдүн жээгиндеги жакшы шарт бирөөгө керек болуп калгандыр.

XS
SM
MD
LG