Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:23

АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА КЫРГЫЗ КОМИТЕТИНДЕ КОШ БИЙЛИК ӨКҮМ СҮРҮҮДӨ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин тегерегиндеги чырлуу окуяга али чекит коюла элек. Быйыл 25-августта болуп өткөн жыйында комитеттин жетекчилигинен Рамазан Дырылдаевди кетирилип, анын ордуна Болот Тыналиев шайланганын, уюмду Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өткөрүү аракетин Рамазан Дырылдаев «эч кандай мыйзамга ылайык келбейт» деп эсептейт. Ал эми Болот Тыналиев башында турган комитеттин жаңы жетекчилери муну «мыйзамдын негизинде эле болду» дешет. Аталган маселе тууралуу өткөн жолу Рамазан Дырылдаев менен телефон аркылуу уюштурган маекке кезек берилсе, бул жолу «комитеттин жаңы жетекчиси биз болобуз» деген Болот Тыналиев, Мамасадык Жакишев, Рыскелди Момбековду студияга чакырып, алардын пикирине кезек берүүнү туура көрдүк. Телефон аркылуу Рамазан Дырылдаев да өз пикирин билдирген эле, ал да пайдаланылды.

- Болот мырза, сиздер 25-августта атайын уюштуруу конференциясын өткөрүп, анан документти Юстиция министрлигине өткөргөн экенсиздер. Бүгүнкү күндө сиздерде кайра каттоо маселеси кандай болуп атат?

Б. Тыналиев:
- Биз ошол тиешелүү документтерди бир жуманын ичинде камдап туруп, министрликке өткөрүп бергенбиз. Ал эми мыйзам боюнча министрлик муну бир айдын ичинде карап, анан кийин каттоодон өткөрөт экен. Бир айлык мөөнөт өтө элек, биз да ошону күтүп жатабыз.

- Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин экиге бөлүнүп калганына кандай карайсыз, Болот мырза?

Б. Тыналиев:
- Азыр комитет эч кандай экиге бөлүнгөн эмес. Уюштуруу конференциясы өтүп туруп, Дырылдаевди башкармалыктан бошотуп, андан кийинки башкармалык мүчөлөрүнүн кеңешмеси Дырылдаевди, анын тууган-туушкандарын уставды бузгандыгы үчүн, финансылык көз боемочулук кылганы үчүн бүт бойдон комитеттин мүчөлүгүнөн чыгарып салган. Ал жеке менин чечимим эмес, башкармалыктын чечими.

- Ал эми Рамазан мырзанын айтканына караганда, сиздер ал комитеттен эчак иштен кеткен экенсиздер. “Мына ушундай иштен кеткен адамдар кантип конференция чакырып, кантип кайрадан Юстиция министрлигине арыз менен кайра каттоо маселесин койсун?” дейт ал. Ошол тууралуу эмне айта аласыз?

М. Жакишев:
- Комитет түзүлгөндөн бери, 1996-жылдан бери иштеп келе жатам, бүгүнкү күнгө чейин. Алар бардыгы айтып атпайбы, “Тыналиев, Момбеков, Булатов, Жакишев жумуштан кетишкен” деп. Туура, бир жыл мурун Тыналиев, быйыл Момбеков арыз жазганынын себеби - алар финансы жагынан токтоп калган, каржыланбай калган. Ошондуктан алар координатордук кызмат ордунан кетишип, бирок өкүл катары кала беришкен. Алардын арызын башкармалык караш керек эле, ал башкармалыктын жыйыны эки жылдан бери бизде өткөн эмес. Ошондуктан булар өздөрүнүн буйругун күтүп, волонтер катары иштеп атышкан. Өзүм боюнча: мени “кийин кошулду” деп жүрүшөт. Ал туура эмес. Акыркы күндөрү биздин комитетти жаап, төраганын орун басары болуп жүргөн Масакеева эжебиз келип бизге айтты: “каржылоону токтотту, ошондуктан офисти жаап, азыр бошонуп кетсеңер болот, себеби офисти каржылоого акча жок” деп. Ошондо мен ойлонуп туруп, өзүм чечим чыгардым. Комитетте ушунча жылдан бери иштеп, мээнетибиз жөн эле калып калабы? Ошого чейин биздин өкүлдөр региондордон телефон чалып атышкан, “чатакты аягына чейин чыгарбайсыңарбы, кимдики туура экенин билели” деп. Алардын сөзүн да ойлоп туруп, конференция өткөрүүнү туура деп чечтик. Ошондуктан эч ким жумушунан бошогон эмес, бардыгы өкүл болуп эсептелет.

- Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун, “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова, ошондой эле Рамазан Дырылдаев - бардыгы айтып жатышат: “Бизди ушинтип бийлик, укук коргоо органдары бөлүп-жарып жатышат, антпесе мындай болбойт эле” деп. Сиздин пикириңиз кандай?

Ы. Момбеков:
- Булардын бардыгы бүгүнкү күндө өздөрүнүн акчалай укуктарын коргоп жатышат. Адам укугун унутуп коюшту. Бизге азыр белгилүү: Дырылдаев жаратылышты коргоо боюнча да грант алыптыр, Батыштан. Буга баары бир экен, адам укугун коргойбу, жаратылышты коргойбу. Эң негизгиси - эптеп Батыштан грант алыш керек экен. Рамазан кайсы жерде сүйлөбөсүн, чайга кант кошкондой эле, бийликти кошуп кетет. Бийликте эмне күнөө? Же биздин бийликке сатылып кеткенибиз тууралуу далилдүү документи бар бекен? Бул биздин өз ара ичибиздеги иш, бийликтин бул жерде эч тиешеси жок. Бийликте бир аз кемчилик болсо, “бийлик кызматтан кетиши керек” дейт. Эмне үчүн 450 миң долларды жеп коюп, өзү кызматтан кетпейт? Эмне үчүн отурат бүгүн? Мисалы, мен аны укук коргоочу катары сезбейм. Бар, укук коргоочулар: Топчубек Тургуналиев, Рысбек Өмүрзаков, Замира Сыдыкова, Бекен Назаралиев жана башкалар. А бул качан түрмөгө жатты, качан ачкачылык жарыялады, ким куугунтуктады?

Б. Тыналиев:
- Менин дагы бир айта турган сөзүм - Дырылдаев мырзага кичине эле “Дырылдаевдики туура эмес” деп койсоң эле бүттү, аны айткан киши сөзсүз “өкмөткө сатылып кеткен” болот. Мисалы, биздин андай оюбуз да жок, өкмөткө эч кандай тиешебиз да жок.

- Дагы бир маселе болуп атат. «Хивостон» берген акчаны кандай колдонгону жөнүндө аудиторлор эч кандай жыйынтык сөзүн айта электе эле, сиздер “Дырылдаевдин күнөөсү толук далилденди” деген маалымат таркатып аткан экенсиздер. “Бул дагы туура эмес” дешет. Силердин оюңуздар кандай?

Ы. Момбеков:
- Бул туура эмес. Аудиторлор келген биринчи эле күнү далилдүү документтерди көрсөтүп бергенде, алар башын чайкашты. Өздөрү деле айтты, «силер дагы көп нерсени билбейт экенсиңер, биз айтсак силердин төбө чачыңар тик турат» дешти. Бизге ошол эле жетиштүү болду. «Бизге материалдардын бардыгы жетиштүү, силердики туура, далилденди» дешти. Жакында эле бизге «Хивостун» өкүлү Марсель Вандерхайденден кичинекей билдирүү келди, ал киши жакын арада бизге билдиргени турат.

Р. Дырылдаев:
- Бул жалган. Эч кандай жыйынтык чыккан жок, чыга элек. Мен билбейм, мен эмес «Хивос» өзү да билбейт кандай жыйынтык экенин, биринчиден. Экинчиден, кандай жыйынтык болсо дагы аны эң акыры ким чечет? Атайын юридикалык органдар, сот чечет да. Булар өздөрү эле сот болуп алып атышат.

- Коомчулукта мындай да пикирлер бар, сиздер туурасында: «Дырылдаев өзүнүн комитети менен иштей бербейби. Анын каршылаштары жаңы укук коргоо уюмун түзүп алып, ошону Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп, ошол боюнча иш алып бара бербейби» деген…

Б. Тыналиев:
- Эмне үчүн биз ага барышыбыз керек? Биз ага барбайбыз. Анткени бул жерде биздин эмгегибиз сиңген. Бизди өкмөт камаган учурда Дырылдаевдин таламын талашканбыз. Эмне үчүн биз бөлүнүп кетишибиз керек? Дырылдаев күнөөлүү. Эл кетирди аны, биз кетирген жокпуз. Дырылдаев мырза тигил жакта жатып алып эле айтып атат, «Момбеков, Жакишев, Тыналиев, Булатов кетирип койду мени» деп. Биз кетирген жокпуз.

Р. Дырылдаев:
- Устав боюнча булардын эч кандай тиешеси жок азыркы комитетке. Булар бийликтин кызматын кылып атышат, эмне кылабыз?

XS
SM
MD
LG