Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Санкт-Петербург шаарында шайлоонун экинчи айлампасы болот


Орусиянын экинчи шаары Санкт-Петербургдун башчылыгын шайлоодо Кремль колдогон талапкер Валентина Матвиенко 48.6% добуш алды. Шайлоонун биринчи айлампасында жеңишке жетишүү үчүн кеминде 50% шайлоочунун добушу керек эле. Эми экинчи турда Валентина Матвиенко шайлоочулардын 16% добушун алган Анна Маркова менен таймашат. Орусиянын башка региондорунда да бул күнү губеранаторлорду шайлоо болду. Свердловск облусунун губернаторлугун Эдуард Россель, Томск облусунун жетекчилигин Виктор Кресс жана Ленинград облусунун губернаторлугун Валерий Сердюков кайрадан жеңип алышты.

XS
SM
MD
LG