Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:56

«Аалам» гезитинин жетекчилиги Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бермек болду


БИШКЕК. «Аалам» гезитинин жамааты жана укук коргоочу Турсунбек Акун Бишкектин Свердлов райондук сотунун 19-сентябрда чыгарган өкүмүн жокко чыгаруу тууралуу апелляциялык арызды Бишкек шаардык сотуна жолдошот. Бул тууралуу бүгүн «Аалам» гезитинин ээси Чолпонбек Абыкеев билдирди.
Укук коргоочу Турсунбек Акун быйыл «Аалам» гезитине «Мелис Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү» аттуу макала жазган. Макаланы М. Эшимканов «адамдык абийириме жана арнамысыма шек келтирди» деп баалап, соттон Турсунбек Акунду 2 млн. сом өлчөмүндө, ал эми макала жарыяланган басылманы 3 млн. сом өлчөмүндө айыпка жыгууну өтүнгөн. 19-сентябрда Свердлов райондук соту «Агым» гезитинин ээси Мелис Эшимкановдун доо арызын карап, аны канааттандырган.
Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, сот өкүмдү Атуулдук-процессуалдык кодексти одоно бузуу менен чыгарган. Ал эми доогер Мелис Эшимкановдун коомдук коргоочусу Жаныбек Жанызак сот эч кандай мыйзам бузбагандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG