Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Орусиядагы Кыргызстандын маданият күндөрү: КОМПОЗИТОР МУРАТБЕК БЕГАЛИЕВ МЕНЕН МАЕК


Төрөкул Дооров, Маскөө шаары. Кыргызстан тарыхында бешинчи ирет Орусияда бул борборазиялык өлкөнүн маданият күндөрү өткөрүлүүдө. Эки мамлекетти маданий алкакта байланыштырып келген көркөм өнөр ишмерлеринин катарында Кыргыз консерваториясынын ректору, композитор Муратбек Бегалиев да бар. Орусияда бир канча ирет кыргыз маданият иш-чараларына катышкан композитор быйылкы чаралардын жүрүшү тууралуу ой-пикирлерин «Азаттыкка» айтып берди.

Орусияда өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрү кыргыз элинин көркөм өнөр жаатындагы чыгаан ишмерлеринин эмгектери менен толгон түрдүү көргөзмөлөр, концерттик программалар менен коштолууда. Алардын ичинде улуттук музыка өнөрпоздорунун башын бириктирип, аларды жетектеп келген Кыргыз консерваториясынын ректору, белгилүү композитор Муратбек Бегалиев менен Академиялык Чоң театрдагы концерттин алдында сүйлөшө алдым. Эми эле акыркы даярдыктан чыккан профессордун жүзүнөн майрамдык маанайды сезбей коюуга болгон жок.

- Биз (Кыргызстандагы маданият ишмерлери – автор.) баарыбыз эле Москванын билимин алганбыз. Мен өзүмдү эле алсам, кезинде Москва консерваториясында окуп, анын аспирантурасын бүттүм. Бул жерде 15 жылдан ашуун жашадым, жаштык кезим ушул жерде өттү. Кийинчерээк көп жыл бою келбей, байланыш дээрлик үзүлүп калган эле. Эми минтип, кайрадан байланышыбыз күчөп, биз болгон күчүбүздү жумшап, Кыргызстандагы эң күчтүүлөрдүн баарын тең топтоп келип олтурабыз. Кыргыздын ырчыларыбы, бийчилериби, ансамблдериби, дегеле кыргыздын көзгө басар күчтүү таланттарынын баарын жыйнап келдик. Бул эле эмес, концерттерибизге АКШда, Англияда, ошондой эле Москвада окуп жатышкан өнөрпоздорубузду чакырганбыз.

Чынында, Муратбек Бегалиевди композитор катарында өзүнүн жеке стилин, чыгармачыл жүзүн аныктаган мезгил да дал ушул Маскөө консерваториясында окуп жүргөн кезине туш келет. Анын музыкадагы биринчи жетишкендиги да 1983-жылга таандык. Анда Муратбек Бегалиев «Симфониялык поэмасы» үчүн Бүткүл Союздук композиторлордун конкурсунда Башкы байгеге ээ болгон.

- «Орус мектеби» деп коёбуз биз музыкада. Бул – П.Чайковский, А. Бородин, Н.А.Римский-Корсаков дегендерге таандык улуу орус классикалык музыкасынын чоң мектеби. Биз ушул адамдардын музыкасы менен өсүп, чыйралдык. Эми мезгили келип, ошол кезде алардын музыкасын сиңирип окуган балдар, бүгүн өздөрүнүн чыгармалары, окуучулары менен келип олтурушат.

Негизи, Кыргызстандын билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын сөзү менен айтканда, Орусия менен Кыргызстан ортосунда көркөм өнөр жогорку окуу жайларында билим берүүгө арналган келишимдер иштеп жатат. Алардын негизинде, быйылкы жылы Кыргызстанга Орусия Өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 100 орундун 25и түрдүү маданият изилдөө институттарына берилмекчи. Ал эми кыргыз улуттук ыр-күүлөрүн, бийлери менен оюн-зоок программасын даярдап келишкендер, композитор айтымында, бул майрамга көп деле даярдык көрүшкөн жок.

- Бул иш-чара тууралуу мурунтадан эле кеп болуп келгени менен, биз акыркы бир, бир жарым айдын ичинде эле даярданып келдик. Дегинкиси, көркөм өнөр адамдары дайыма эле даяр болушат да! Ар ким өзүнүн программасы менен жүрөт. Ошолорду бириктирип, бир концертке топтодук. Анын үстүнө бир эле программа менен бардык жерде чыга бербейбиз. Анткени концерт ар кайсыл жерлерде, ар кандай алкакта өткөрүлмөкчү.

Композитор менен дегеле кыргыз өнөрүнүн бүгүнкү абалы, өнүгүү жолу туурасында да сөз козгодук. Анын айтымында, кыргыз маданияты, айрыкча улуттук музыка менен кол-өнөрчүлүк жакшы өнүгүү жолуна түшкөнү байкалат.

- Чын-чынына келгенде, уучубуз куру эмес. Учурундагы бийик искусство ишмерлери Б.Минжылкиевдин, Т.Океевдин жогорку деңгээли, өзүнүн абройу, турган турпаты бар эле. Мына ошолордун үзүрү мененби, алардын шаарданы мененби, айтор, артынан дагы жаш өнөрпоздор келатышат, кудайга шүгүр, - деп профессор, Кыргыз Консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев элибиздин улуттук музыкасы кайра жанданып, өсүп жаткан мезгили келгендигине ишеничин айтат.

Кыргызстандан келген маданият кызматкерлеринин катышуусундагы концерттер ушул кечте Маскөө облусундагы Александров жана Подольск шаарларында өтүп жатат.
XS
SM
MD
LG