БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев Каржы министрлигин быйылкы жылдын акыркы кварталынын ичинде инсулин дарысы үчүн 35 млн. сомдук карызды Саламаттык сактоо министрлигине төлөп берүүгө милдеттендирди. Саламаттык сактоо министрлиги бул каражатты кант диабетин дарылоого колдонула турган инсулин дарысын Кыргызстанга алып келген фирмаларга бермекчи. Министрлик 7-октябрда боло турган тендерде келерки жылдын апрель айына чейин жете турган 31 млн. сомдук инсулин алганы жатат. Дарыны алып келүүчү фирмалар буга өкмөттүн «мурунку карыздарды төлөп беребиз» деген убадасынан кийин макул болушту. Диабет менен ооругандардын ассоциациясынан алынган маалыматка караганда, Кыргызстанда бул оорудан жабыркаган 16 миң адам бар. Анын 5 миңи, анын ичинде 154 бала инсулинди дайыма сайынууга муктаж. Алар бул үчүн айына 100 долларлык инсулин алууга мажбур.