Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Бириккен Улуттар Уюму Ирактан кызматкерлерин чыгарып кетүүдө


Ирактын конституциясын жазууга кеминде бир жыл керек. Бул тууралуу өлкөнүн Өкмөттүк кеңешинин өкүлү Интифад Канбар билдирди. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл өткөн жумада Ирактын конституциясын жазууга алты ай чектелгенин билдирген эле. Американын Ирактагы администрациясынын басма сөз катчысы Чарлз Хитли бул маселе тууралуу буларды билдирди: Биз Ирактын конституциясын мынча мөөнөттө жазып бүтөбүз деп чек койгон жокпуз. Конституцияны мүмкүн болушунча тез даярдоого аракеттенебиз. Анткени ал аркылуу шайлоо жана Иракка эгемендүүлүк келет. Иракта коопсуздуктун начарлашына байланыштуу Улуттар Уюму өлкөдөн беш жүз кызматкерин чыгарып кетти. Учурда Иракта БУУнун 50 кызматкери гана калды.

XS
SM
MD
LG