ИЕРУСАЛИМ. Израилдин Хайфа шаарында болгон террордук кол салууда бери дегенде 19 киши курман болуп, 30дан ашык киши жараат алды. Израилдин аскердик радиосунун маалыматына ылайык, жан кечти террорчу “Ыстыкпар Күнү” деген диний майрамды белгилеген кишилерге жык толгон ресторанда бомба жардырган. Израилдин радиосу менен телевидениеси жардырууда 19 киши өлгөнүн, жарадар болгон адамдардын бир нечесинин абалы өтө оор экенин билдирди. Бул тогузунчу сентябрда болгон жардыруулардан кийинки алгачкы террордук кол салуу. 9-сентябрда жасалган эки жардырууда 15 киши курман болгон эле.