Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Югославиянын мурунку президенти Слободан Милошевичтин бийликтен кеткендигинин үч жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн Югославиянын мурунку президенти Слободан Милошевичтин бийликтен кеткендигинин үч жылдыгы белгиленүүдө. 2000-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмалангандыгына нааразы болгон калк, 5-октябрда массалык нааразылык акциясына чыгып, өлкөнүн парламентинин имаратына кирип барган. Натыйжада оппозиция лидери Воислав Коштуница өлкөнүн жаңы президенти болуп жарыялаган. Андан кийин Милошевич Гаага трибуналына өткөрүлүп берилген жана учурда анын аскерий кылмыштарга катышуусу боюнча сот жараяны жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG