Кечээ Оогаснтандын чыгышында америкалык кароолду аткылагандар талиб козголоңчулары болушу мүмкүн. АКШ армиясынын маалымат катчысы майор Ричард Сатердин билдиришинче, бүгүн да 15 чакты куралчан Пакистандын чек арасына жакын жайгашкан Оргун айлында америкалык аскерлерди ракетадан граната менен жана майда куралдан аткылашты. Америкалык аскерлерден эч ким жапа чеккен жок, бирок кол салгандардын бири окко учту. Кечээ түштүктө, Нанчархар жана Кандагар провинцияларында америкалык аскер турактары аткыланган эле.