БАТКЕН. Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жана мамлекеттик бюджеттен облуска бөлүнгөн каражатты текшере баштады. Комиссия Баткен облусунан шайланган депутат Ташболот Балтабаевдин сунушу менен Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан быйыл 23-сентябрда түзүлгөн. Анын башчысы болуп депутат Эркин Бөлөкбаев шайланган. Комиссиянын курамында Алишер Абдымомунов, Орозбек Дүйшеев, Дооронбек Садырбаев жана башка депутаттар бар. Комиссияны алгач облустун губернатору Мамат Айбалаев кабыл алды. Баткенде 9-октябрга дейре боло турган бул комиссия облустун бардык райондорунун жана шаарларынын тургандары менен жолугушуп, алардын ой-пикирлерин угуп, иликтөө иштерин жүргүзөт. Комиссия өз ишин Сүлүктү шаары менен Лейлек районунан баштады.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев
Редактор – Жыргалбек Касаболотов