Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

КЫРГЫЗСТАН КАРЫЗСЫЗ ЖАШАЙ АЛБАЙБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын тышкы карызы бүгүнкү күндө 1 млрд. 638 млн. долларга жетти. Жакынкы жылдары кыргыз бийлигинин мойнунда чоң карыздарды төлөө милдети турат. Эл өкүлдөр жыйынынын XVII сессиясында Кыргызстандын тышкы карыздары боюнча абал талкуулана баштады. Көпчүлүк депутаттардын баамында, коңшу Казакстандан айырмаланып Кыргызстандын тышкы карыздардан кутула турган дарманы жок.

Эл өкүлдөр жыйыны 7-октябрда тышкы карыз боюнча талкууну баштады. Депутаттар Кыргызстандын чет мамлекеттерге жана финансылык уюмдарга болгон карыздары жөнүндө финансы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаевдин маалыматын угушту. Анын маалыматына караганда, келерки жылдын бюджетинде 3 млрд. сом тышкы карызды төлөөгө сарпталмакчы. Ал эми финансы министри Болот Абилдаевдин айтымында, чет мамлекеттерге чоң-чоң карыздарды кайтарып берчү оор жылдар жакындап келатат. Бирок финансы министри «Кыргызстандын жүгүн Париж клубу жеңилдетет» деген үмүттө.
Болот Абилдаев:

- Эмдиги жыл - биз үчүн абдан маанилүү жыл. Париж клубуна барабыз. Келерки жылдары чет мамлекеттерге төлөнчү оор карыздар бар. Булар - мөөнөтү кыска жана үстөгү чоң карыздар. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) менен түзүлгөн программанын бир жылы калды. Биз андагы талаптарды аткарганга аябай эле аракет кылып атабыз. Париж клубу карыз боюнча жүгүбүздү жеңилдетип берет деп ишенем.

Кыргыз өкмөтү эки жылдан бери ЭВФ менен кол коюлган меморандумда айтылган шарттарды аткарып келет. Премьер-министр Николай Танаев Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет боюнча комитетине келгенде “эптеп эми бир жыл чымырканып иштешибиз керек” деген. “ЭВФтин талаптарын эми бир жыл карманып койсок “өх” деп кененирээк дем алганга мүмкүнчүлүк алабыз”, - деди өкмөт башчысы. Эгер ЭВФ Кыргызстандын экономикалык көрсөткүчтөрүнө муюса, мамлекеттик бюджет жана социалдык камсыздандыруу боюнча анын дооматтарына жараша аракет көрүлүп атканына ынанса, Париж клубуна маселе коюлат. Париж клубу Кыргызстандын 457 млн. долларлык карызын реструктуризация кылып бериши керек. Бирок, депутат Марат Султанов айткандай, бул «карызды кечүү» деген сөз эмес:

- Орусия, Түркия, Өзбекстан, Германия жана Франция өңдүү мамлекеттердин алдындагы карыздар реструктуризацияланышы керек. Бирок бул «карыз жоюлат» деген сөз эмес. Карызды кечүү тууралуу сөз кылганга али эрте.

Айрым байкоочулардын баамында, ЭВФ Кыргызстанга көп жагынан нааразы. Кыргызстандын жетекчилиги эки жыл тартиптүү болгону үчүн эле фонддун пикири өзгөрүп кеткен жок. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рүстенбеков эмдиги жылы Париж клубунда Кыргызстандын тышкы карызы боюнча маселе оңунан чечилээрине ишенбейт:

- Эл аралык Валюта Фонду биздин бийликти коррупциялык иштер үчүн күнөөлөп келатат. Алардын айтымында, жанагынча каражатты сырттан карызга алганыбыз менен, талап-тоноп жоготконбуз. ЭВФтин чоңу Тапио Саавалайнен менен жолугуп сүйлөшкөм. Ал мага “өзүңөр күнөөлүүсүңөр” деп ачык эле айтты. «Карызга келген акча уурдалган, бирок аны “жеп” койгон кишилер жазаланган эмес», - деп айтты. Мындай айып тагып аткандан кийин, Кыргызстандын карызын азайтып берээрине көзүм жетпейт.

Ал эми карыз боюнча акыбалды коңшу Казакстан менен салыштырганда асман менен жердей айырма көзгө урунат. Быйыл Казакстандын жетекчилиги өлкө тышкы карыздардан толук кутулганын жар салды. Айрым депутаттардын пикиринде, буга Кыргызстан суктанып гана тим болот. Аларга теңелгенге азырынча Кыргызстандын дарманы жок. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Бакирдин Жолчуев ушундай оюн айтты. Ал Шанхай Кызматташтык Уюмунун жакында эле Кытайда болгон отурумун эскерди. Анда Казакстандын премьер-министри Казакстан тышкы карыз дегенди быйылтан баштап унутканын ырасмий билдирген. «Кыргызстанда болсо тышкы карыздардан кутулууга шарт жок», - деп үшкүрдү депутат.

Эл өкүлдөр жыйынында карыздарды кайтаруу боюнча талкуу 8-октябрда да уланат. Бирок, албетте, ал деле акыбалды оңдоп ийбейт. Болгону депутаттарда ошончо каражат кумга сиңгендей болуп каякка кеткени тууралуу өкмөттүн оозунан аз да болсо сөз чыгабы деген үмүт бар. Жаныш Рүстенбеков белгилегендей, Кыргызстан баары бир карыз алмайын жашай албайт, бирок Кыргызстандын шору - карызга келген каражат өз максатында жумшалбаганында.

XS
SM
MD
LG