Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

ЕККУнун Варшавадагы жыйынынан ар кандай маалымат алынууда


БИШКЕК. АКШ, Ирландия, Норвегия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) адам укуктарына байланыштуу азыр Варшавада өткөрүп жаткан жылдык жыйында Кыргызстандагы адам укуктарынын, сөз эркиндигинин абалын жана бийлик жүргүзгөн саясатты катуу сынга алышты. Алар Аскар Акаевдин кийинки мөөнөткө бийликте калбай тургандыгын колдоп, бирок мамлекет башчысынын андай сөзүнөн шектенип жатышканын билдиришти. Бул жыйынга катышып жаткан депутат Азимбек Бекназаров жана укук коргоочу Рамазан Дырылдаев «Азаттыктын» кабарчысына бүгүн телефон аркылуу ушундай маанидеги маалымат беришти. Ал эми жыйынга катышып жаткан биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов бүгүн мындай маалыматты ырастаган жок. Анын пикиринде, Варшавада өткөн жыйында Кыргызстанга карата олуттуу сын да, Аскар Акаевге байланыштуу пикирлер да айтылган жок. ЕККУ адам укуктарынын маселелерине байланыштуу өткөрүп жаткан бул жыйынга бул уюмдун мүчөсү болгон 55 өлкөдөн жана 500 эл аралык уюмдан өкүлдөр катышууда.

XS
SM
MD
LG