Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Кошмо Штаттары Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алынат деп үмүттөнөт


Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучер ырастагандай, документке байланыштуу айтылган бардык сын-пикирлерди Вашингтон администрациясы эске алганга аракет кылмакчы. Ошол эле учурда Баучер америкалык тарап резолюцияны колго салбай коюушу да мүмкүн экендигин жокко чыгарбады. Документте бийликтин ирактыктарга качан берилери так көрсөтүлбөй калгандыгы Франция менен Россияны алымсындырбады. Ал эми өткөн түнү Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында полициянын күзөт бекети аткыланып, андан жергиликтүү бир полицмен набыт кетти, экинчиси жарадар болду. Түштүктөгү Басра шаарында да британдык аскерлердин штаб-квартирасы аткыланды. Жабыркагандар жок.

XS
SM
MD
LG