Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Кыргызстандын ички күчтөрүнүн делегациясы Түркияга жөнөп кетти


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин куралдуу күчтөрүнүн командачысы, генерал-майор Ашырбек Бакаев башында турган делегация Түркиянын жандармериясынын башкы командачысы Шенер Эруйгурдун чакыруусу менен Анкарага жөнөп кетти. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты. Кыргыз делегациясы Түркиянын аскердик күчтөрүнүн структуралык түзүлүшү жана алардын кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышып, коомдук коопсуздукту сактоо иши боюнча тажрыйба алмашат. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Түркиянын бир катар аскердик окуу жайларында болушат.

XS
SM
MD
LG