Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Азербайжандын баш калаасында оппозиция демонстрация өткөрдү


Ушул шаршембидеги президенттик шайлоонун алдында Бакы калаасында уюштурулганы нааразылык акциясына 50 миңдей киши катышты. Оппозициядан көрсөтүлгөн талапкер Иса Гамбар демонстранттарга кайрылып, "президент Гейдар Алиевдин коррупцияга баткан бийлигинен арылууга мезгил жетти" деди. Ал өз колдоочуларын добуштарды саноонун акыйкаттыгын камсыз кылуу үчүн, санак бүткөнгө чейин шайлоо бекеттеринде калууга үндөдү.
Келерки шаршембиге белгиленген шайлоого Алиевдин уулу, азыркы премьер-
министр Илхам Алиев да катышат. 80 жаштагы президент өзү Кошмо Штаттарында бөйрөк жана жүрөк оорусунан дарыланып жатат.

XS
SM
MD
LG