БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун «Агым» гезитинин кожоюну Мелис Эшимкановго жана «Лимон» гезитине каршы Бишкектин Ленин райондук сотуна доо арыз жолдоду. Укук коргоочунун айтымында, анын сотко кайрылышына М.Эшимкановдун быйыл 2-майда «Лимон» гезитине жарыяланган маегиндеги Турсунбек Акун тууралуу сын пикири себеп болду. Буга байланыштуу ал «М.Эшимканов менин арнамысыма, кадыр-баркыма доо кетирди» деп, Эшимкановдон 5 млн. сом өндүрүп берүүнү, ал эми гезит редакциясынын кечирим сурашын талап кылууда. Быйыл 19-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук соту М. Эшимкановдун «Аалам» гезитине жана Т.Акунга каршы доо арызын караган. Сот М. Эшимкановдун кызыкчылыгына «Аалам» гезитинен 3 млн., Т.Акундан 2 млн. сом өндүрүп берүү тууралуу чечим чыгарган.