Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:48

АЗЕРБАЙЖАНДА БИЙЛИК АТА МУРАСЫНА АЙЛАНДЫ


Азербайжанда кечээ президенттик шайлоо болуп өттү. Мамлекет башчысынын мандатын сегиз талапкер талашты. Алардын арасында өлкөнүн азыркы президенти Гейдар Алиевдин уулу, өкмөттүн премьер-министри Илхам Алиев, оппозициянын обурлуу делинген эки кандидаты – Иса Гамбар жана Этибар Мамедов бар. Шайлоонун жүрүшүнө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун 600дөн ашуун байкоочусу агылгалап көз салып турушту. ОБСЕ шайлоо алдында эле олуттуу бир катар кемчиликтерди белгиледи.

Азербайжандын өзүндө көптөгөн саясатчылар президенттик мандатты Илхам Алиев жеңип аларынан шек санашпайт. Бирок буга ал биринчи айлампада жетишерине негедир көпчүлүк анчейин ишенкиребейт. Ал эми чет элдик байкоочулар болсо постсоветтик өлкөлөрдүн тарыхында жаңы саясий көрүнүш - бийлик атадан балага өткөн биринчи өнөгө түзүлөрүн айтып жатышат.

Илхам Алиев өзү шайлоонун жүрүшүнө алымсынгандыгын билдирди. Маанай-маңым эң жакшы, деп айтты ал добуш берип жатып. Бул жолку шайлоо, кенже Алиевдин ишениминде,азери коомун өнүктүрүү жолунда, азери элинин гүлдөп-өсүшүндө жана Азербайжан өкмөтүн чыңдоодо маанилүү кадам болуп калмакчы. Илхам Алиев өз өлкөсүнүн байгер, күчтүү коом болушун каалайт жана ушундай болорунан кенедей шек санабайт. Болгону мунун кепилдигин ал атасынын саясатын изден тайбастан улантуудан көрөт. Азыркы саясаты өзгөрткөнгө эч кандай жүйөө жок, деп айтты Илхам Алиев шайлоо алдындагы сөздөрүнүн биринде. Кенже Алиевдин баасында, өлкөдө калктын жашоо шарты жакшырып баратат, жакырчылык азайып, инфляция 2 процентке түштү. Андай болгон соң бу саясатты өзгөртүүнүн кандай зарылдыгы бар?-деп собол койду ал.

Оппозиция болсо, арийне, башкача пикирде. Алиевдин уулунан бийлик тизгинин талашып жаткандардын бири, Мусават партиясынын лидери Иса Гамбар шайлоонун натыйжаларын өкмөттөгүлөр сөзсүз бурмалайт деп эсептейт, анткени элдин бийлик үчүн добуш бергенге ыкыласы жоктугун, жаңы бир өзгөрүү болушун каалай тургандыгын алар жакшы билишет. Мындайда добуштарды будамайлагандан башка арга калбайт, деп билдирди Гамбар шайлоо алдында Ройтерс агенттигине берген интервьюсунда. Гамбар кокус бийликтер буга бара турган болсо, эл көтөрүлүп чыгарын, мунун өзү толук мыйзамдуу акция болорун да эскертти.

Мунун баары – атаандаш тараптардын позициялары. Ал эми бейтарап эксперттер эмне деген ойдо? Көз карандысыз Туран маалымат агенттигинин аналитиги Хасан Гулиев өлкөдө адилет шайлоо болорунан кадиктенет. Ал да бийликтер добуштардын натыйжасын бурмалайт, ушундай жол менен гана Илхам Алиевдин саясий тагдыры аныкталат деп эсептейт. Гулиев ошону менен бирге добуштардын санагы одоно бурмаланса, элдин нааразалык акцияларын күтүүгө болорун да жокко чыгарбады. Болгону ал кандай масштабда болот, муну айтуу кыйын, деп кошумчалады Гулиев.

Бакуда чыгуучу орус тилиндеги “Зеркало” гезитинин аналитиги Азер Разидоглы 15-октябрда президенттик шайлоонун эле эмес, опозициянын да тагдыры чечилет деген көз карашта. Эгер оппозиция утулса, анда анын лидерлери отставкага кетүүгө тийиш, алардын мындан ары өз партияларын жетектегенге моралдык укугу калбайт.

Стратегиялык кызматташтык боюнча евразиялык фонддун төрагасы Резат Резакулиевдин баамында баарыдан мурда шайлоочулар күтүүсүз табериктерди алып келиши ыктымал. Резакулиев мурдагы президенттик жана парламенттик шайлоо өлкө үчүн өтө эле өрөскөл кампания болгонун белгилеп, бул жолу кантсе да демократиянын элементтери байкалганын, бирок таза шайлоо болду деп айта албай тургандыгын ырастады.Резакулиев кандидаттардын кимиси жеңип чыгарын да озунуп айтканды эп көрбөдү.

Ушул маалга чейин келип түшкөн кабарларга караганда,баштапкы сурамжыларда Илхам Алиевге шайлоочулардын 60 проценттен ашыгы добуш бергени айтылууда. Эгер анын жеңип чыкканы ырасталса, анда Азербайжанда мамлекеттик бийлик ата мурасына айланганы да ырасталмакчы.

XS
SM
MD
LG