Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:50

АКШ Израилди айыптаган резолюцияга каршы болду


Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Израилдин Иордандын Батыш жээгинде “коргонуу дубалын” куруусун аныктаган резолюцияны талкуулоо максатында АКШ анын кабыл алынышына каршы болду.
АКШнын БУУдагы өкүлү Жон Негропонте резолюцияда израилдиктерге жасалып жаткан кол салуулар жөнүндө эч нерсе айтылбаганын билдирди. Резолюция добушка салынганда Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 мамлекеттин өкүлдөрүнүн 10у өз добуштарын беришкен. Алардын ичинде Орусия, Франция, Кытай, Сирия, Пакистан жана Испания бар. Ал эми Британия, Германия, Болгария жана Камерун добуш берүүдө калыстыгын билдирди.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG