Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:43

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алды


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши кечээ күнү бир добуштан Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алды. Анын долбоору АКШ тарабынан даярдалган жана бир нече аптага уланган талкуу учурунда ага бир топ өзгөртүүлөр киргизилди. Резолюция боюнча, Ирактагы абалды калыбына келтирүү иштерине жана анын жаңы конституциясын даярдоого Бириккен Улуттар кеңири катышат, дүйнө мамлекеттери болсо Иракка өз бейпилдик аскерлерин жибере алат. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, Иракта эң биринчи кезекте коопсуздук маселелери чечилүүгө тийиш: "Башкы катчы катары мага жүктөлгөн милдетти аткаруу үчүн мен бардык күчүмдү жумшайм жана эң биринчи кезекте Бириккен Улуттардын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылууга аракеттенем. Чечим кабыл алууда Кеңеш ийкемдүү болгонуна жана мага ишеним көрсөткөнүнө мен ыраазымын." Резолюция долбооруна өзгөртүүлөр негизинен Алмания, Орусия жана Франция тарабынан киргизилди, бирок алар азырынча Иракка өз аскерлерин жибербей турганын жана каражат да кошпой турганын билдирди. Ирактагы эл аралык бейпилдик күчтөр АКШ жана Улуу Британия тарабынан башкарылат.

XS
SM
MD
LG