Боливиядан келген кээ бир кабарлар боюнча, өлкө президенти Гонзало Санчес де Лозада кызматынан чегинди. Боливия жакында АКШга табигый газ сатууну чечкен, бирок өлкөдө ага каршы көптөгөн митинг-демонстрация уюштурулуп, бир айдын ичинде кагылышуулардан 70 адам курман болду. Өкмөттүк коалицияда да пикир келишпестиктер чыкканда, 73 жаштагы президент кызматтан кетүүнү чечти.