Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

«Рентонгрупп» ишканасына алданган атуулдар Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. «Соңку 5 жыл бою тапкан каражатыбызга кыргыз өкмөтүнүн уруксаты менен аракеттенген «Рентонгрупп» ишканасынын баалуу кагаздарын сатып алганбыз. Натыйжада биз коррупцияланган кыргыз бийлигине жана аталган ишкананын жетекчисине алданып калдык». «Рентонгрупп» ишканасынын жетекчилигине алданып калган кыргызстандык миңге жакын орус улутундагы атуулдар бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путинге ушундай мазмундагы кайрылуу жолдошту. Алар «кыргыз бийлиги билип туруп кылмышка шыкакчы болгонун, бир нече күн өтсө да алданган атуулдарга эч кандай жардам берилбей жатканын» белгилеп, президент В.Путинден ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү суранышкан. «Рентонгрупп» ишканасынын жетекчилиги быйыл 26-августта кыргызстандык атуулдардан алган 150 млн. сомдой акчаны кайтарбай дайынсыз качып кеткен. Ал эми Орусиянын президенти Кыргызстанга бүрсүгүнү бир күндүк иш сапары менен келет.

XS
SM
MD
LG