ОШ. Өзгөн, Каракулжа, Алай райондорунда өкмөттүк кредиттин эсебинен үй салып жаткандар облустук жетекчиликке, кыргыз өкмөтүнө улам-улам арыз жолдошкон. Алар кредиттин соңку бөлүгү көптөн бери берилбей калгандыктан иштери токтоп калганын, кылычын кайрап кыш кирип келатканын эскертишкен. Кыргызстандын өкмөт башчысынын көрсөтмөсү менен кечээ Финансы министрлиги өкмөт алдындагы Курулуш департаментине 5 млн. сом акча бөлгөнү тууралуу кабар келди. «Ал акча Ош облусунун Өзгөн, Каракулжа жана Алай райондорунда кайрадан үй салып жаткандарга кредиттин калган бөлүгү катары таратылып берилсин» деп көрсөтүлгөн. Бирок акча азырынча Ошко келе электигин, үй салып жаткандар аны чыдамсыздык менен күтүп жатышканын губернатордун биринчи орун басары Мамажусуп Нышанбаев «Азаттыкка» билдирди.