Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Москвадагы театрдагы барымта кризисине бир жыл толду


Былтыр 23-октябрда Москвадагы Дубровка аянтындагы театрды чечен согушкерлери барымтага алышкан. Кайгылуу окуянын бир жылдыгына карата Москвада бүгүн террорчулуктун курмандыктарына таштан эстелик тургузулат. Былтыр театрда чогулган 800дөй адамды 40 чакты чечен согушкери 3 күн бою барымтада кармап отургандан кийин Орусиянын атайын күчтөрү уулуу газдын жардамы менен имаратка чабуул коюп, андагы адамдарды бошотушкан. Бирок, барымтадан бошотулган 129 киши курман болушкан, догдурлар алардын көбү аскерлер колдонгон газга ууланып өлгөнүн аныкташкан. Барымтада жатып чыккан айрым адамдар орус бийликтеринин уулуу газды колдонуу маселесин териштирүүнү өтүнүп, Европадагы адам укуктары боюнча сотко кайрылганы жатканын маалымдашты.


Таңкы кабарлар топтомун даярдаган – Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG