Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргызстандын атуулдугун алуу жөнүндөгү» мыйзамга алымча-кошумчаларды киргизди


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда ««Кыргыз Республикасынын атуулдугу жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамды кабыл алды. Авторлор бул мыйзам Кыргызстандын атуулдугун алууну жеңилдетээрин айтышууда. Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, башка өлкөнүн атуулдугунан кечкендер Кыргызстанда кеминде беш жыл жашаса, мыйзамдык негизи болсо жана мамлекеттик тилди билсе, атуулдук алуу укугуна ээ болушат. Бул мыйзам 1990-жылдан бери Кыргызстанга көчүп келгендерге багытталган. Алардын саны болжол менен 35 миңге жетет. Мыйзамды депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Эркин Бөлөкбаев иштеп чыгышкан.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG