Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Варшавада СПИД боюнча европалык конференция өтүп жатат


Европанын СПИД боюнча 9-конференциясынын ишине 44 өлкөдөн чогулган 2,5 миңдей дарыгер катышып жатат. Конференциянын катышуучулары Орусияны жана мурдагы советтик республикаларды алдыдагы он жылдыкта СПИД эпидемиясынын жайылышына каршы чечкиндүү чара көрүүгө чакырды. Эксперттердин эсебинде, СПИД менен ооруган жана ВИЧ-инфекциясына чалдыккан адамдардын саны Европада 1,7 – 2 миллиондун тегерегинде. Алардын болжол менен 1,2 миллиону континенттин чыгышында жашайт.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG