Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Италияда басма сөз кызматкерлери иш ташташты


24 сааттык иш таштоо бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат жетиде башталды. Журналисттер менен катар, жаңылык агенттиктеринин өкүлдөрү өкмөттүн пенсия реформасына нааразылык билдиришүүдө. Эртең гезиттердин көбү жарык көрбөйт.
Радио-телевидениеде иштеген журналисттер өткөн аптада төрт саатка, ал эми жума күнү бир нече миллион жумушчу иш таштаган эле.
Италиянын өкмөтү пенсияга чыгуу жашын өйдөлөтүп, пенсияга чыгуу үчүн зарыл болгон эмгек стажынын мөөнөтүн узартууну пландаштырып жатат. Бул чаралар балдар аз төрөлүп, калк картайып бараткандыктан улам көрүлүүдө.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG