Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:45

Түркмөнстанда эгемендүүлүктүн 12 жылдыгы белгиленди


Президент Сапармурад Ниязов Түркмөндөрдүн Дүйнөлүк Гуманитардык Биримдигинин жыйынында чыгып сүйлөп, түркмөн эли нукура эркиндикте жашап жатат деп ырастады:
– Демократия, адам укуктары деп какшангандардын демократиясын көрдүк. Алардын көбү өздөрүнүн саясий кызыкчылыктарын биринчи орунга коюшат. Демократия – бул элдин эркиндиги. Силер Түркмөнстанда болуп, эл-жерди көрдүңөр. Түркмөн эли эркин бекен? Ооба, эркин.
Анын аралыгында, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму Түркмөнстанды демократия жаатында кызматташтыкка чакырды. ЭККУнун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Марти Ахтисаари бүгүн Ашгабадда президент Ниязов менен жолугушту.

XS
SM
MD
LG