Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда баңгизаттарга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштү азырынча натыйжасыз деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстандын Баңгизаттарга көзөмөл жүргүзүү боюнча комиссиясынын ишмердүүлүгү азырынча ийгиликсиз болууда. Баңгизат менен алектенүү Ош облусунун тургундарынын негизги киреше булагына айланды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин баңгизатка көзөмөл жүргүзүү боюнча эл аралык стратегиясын турмушка ашыруу тууралуу жылдык докладында жазылган. Анда Кыргызстандагы Баңгизаттарга көзөмөл жүргүзүү боюнча комиссиянын ишинин натыйжасыздыгына бул мекемеде болгону 16 адам иштеп жатканы башкы себеп катары көрсөтүлгөн. Бул тууралуу бүгүн «Сentran.ru» маалымат агенттиги жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG