Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:46

Түркия менен Өзбекстан өз ара алакаларын жакшыртат


Кечээ Анкарада эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Садык Сафаев менен Абдулла Гүлдүн сүйлөшүүлөрү өттү. Өзбек тышкы иштер министри Садык Сафаевдин жолугушуудан соң билдиргенине караганда, түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын декабрь айынын ортосунда Ташкенге белгиленген визити эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын "жаңы барагын" ачат. Анда бир катар келишимдерге кол коюлмакчы. Эки өлкө 1999-жылы дипломатиялык кризисти баштан кечирген эле. Анда Ташкент Анкараны президент Ислам Каримовдун өмүрүнө кол салууга аракеттенген исламчыларга башпаанек бергени үчүн айыптаган. Өзбекстанда 20дан ашуун түрк лицейлери жабылып, Түркия Ташкендеги элчисин чакыртып алганга чейин барган.

XS
SM
MD
LG