Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Грецияга бармак болду


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган делегация 2-ноябрда 6 күндүк расмий иш сапары менен Грецияга барат. Иш сапары мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү боюнча эки өлкөнүн ортосунда тажрыйба алмашуу максатын көздөйт. Кыргыз парламентинин өкүлдөрү грек парламентинин спикери Апостолос Какламанис, парламенттин вице-президенти Панагиотис Сгоирис, солчул партиялар коалициясынын төрагасы Никос Константопоулос жана «Жаңы демократия» оппозициялык партиясынын өкүлдөрү менен жолугушмакчы. Мындан тышкары, кыргыз делегациясын Грециянын тышкы иштер министри кабыл алаары белгиленүүдө. А. Эркебаев жетектеген кыргыз делегациясынын курамында депутаттар Зайнидин Курманов, Алевтина Проненко жана Темир Сариев болушат.

XS
SM
MD
LG