Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Эл өкүлдөр жыйынынын делегациясы Словакия менен Чехияга барып келди


БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттарынан турган делегациянын Словакия менен Чехиядагы расмий иш сапары аяктады. Депутаттар 24-27-октябрда Словакияда болуп, бул өлкөнүн президенти жана Улуттук кеңешинин төрагасы менен жолугушту. Жолугушууларда Словакия менен Кыргызстандын өз ара кызматташтыгына байланыштуу маселелер талкууланды. Ал эми 27-октябрдан 1-ноябрга чейин делегациянын мүчөлөрү Чехия Республикасында болушту. Депутаттар Чехиянын парламентинин депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушту. Алар Европадагы эски жогорку окуу жайларынын бири болгон Карлов университетинде болуп, Прагада жайгашкан «Азаттык» радиосунун жетекчилиги менен да жолугушту.

XS
SM
MD
LG