Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Бишкекте тоталитардык режимдин курмандыктарын эскерүү митинги өткөрүлөт


БИШКЕК. 7-ноябрда Бишкекте тоталитардык режимдин курмандыгы болгон атуулдарды эскерүүгө арналган митинг-реквием өткөрүлөт. Бул иш-чараны «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы уюштурууда. Митингге саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана түрдүү диндердин өкүлдөрү катышат. Бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсаловдун маалыматына караганда, Улуу октябрь социалисттик революциясынан кийин адамдардын диний, атуулдук жана саясий эркиндиктери күч менен басылган. Анын пикиринде, колхоздоштуруу мезгилинде миллиондогон күнөөсүз адамдар репрессияга кабылышкан. «Митинг учурунда мына ошол бейкүнөө кырылган адамдардын арбагына куран окулуп, аларды эскерүү болот», - деп кошумчалады Эдил Байсалов. Ал эми «Коммунисттер» партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиевдин маалыматына караганда, бул күнү Бишкекте Улуу октябрь социалисттик революциясынын жеңишинин 86 жылдыгы белгиленет. Мындан тышкары, А. Масалиевдин айтымында, Жогорку Кеңештин имаратынын алдына которулган В. И. Лениндин эстелигинин ачылыш аземи болот.

XS
SM
MD
LG