БИШКЕК. Быйыл Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 847 миң турист эс алганы келген. Мындай көрсөткүч өткөн жылга салыштырганда 170 миң адамга аз. Бул тууралуу кечээ кечинде премьер-министр Николай Танаевдин катышуусунда өткөн жыйында Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Өкмөтбек Алмакүчүков билдирди. Жыйында Кыргызстанда туризм тармагына бөлүнгөн инвестициянын өлчөмү да жылдан-жылга азайып баратканы белгиленди. Маселен, 2001-жылы бул тармакка 600 млн. сом бөлүнсө, былтыр 220 млн. сом, быйыл болсо 78 млн. сом бөлүнгөн. Жалпысынан быйыл туризм тармагынан өлкөнүн казынасына 831 млн. 800 миң сом түшкөн.