Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Шри-Ланкада президент чукул абал жарыялады


Сеператисттер менен сүйлөшүүнүн жүрүшүнө байланышкан саясий жаңжалдын капшабында кечээ президент Чандрика Кумаратунга айым өлкөнүн эң таасирлүү үч министрин кызматтан алып, парламенттин ишин токтоткон эле.
Коңшулаш Индиянын тышкы иштер министри Яшвант Синха бүгүн Нью-Делиде журналисттер менен жолугуп, талаш талкуу жолу менен жөндөлөт деген үмүтүн билдирип, буларды кошумчалады:
– Бул окуялар Шри-Ланкада конституциялык кризиске алып келбейт жана тынчтык жарайанына кедергисин тийгизбейт деп үмүттөнөбүз.
Шри-Ланканын мыйзамдары боюнча, чукул абал убагында президенттин жана армиянын бийлик ыйгарымдары кеңейтилет, коомдук жыйындарга тыйуу салынат жана шектүү адамдарды бир жыл сотсуз камоого уруксат берилет. Президенттин кеңсесинен кабарлашкандай, тамил азчылыгынын өз алдынчалыгы үчүн күрөшкөн "Тамил Жолборстору" уюму менен мындан 2 жылча мурда жетишилген элдешүүнүн шарттарын президент сактайт.

XS
SM
MD
LG