Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Бириккен Улуттардын өкүлдөрү Түндүк Ооганстанда атаандаш кол башчылар менен жолугушту


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинин делегациясы бүгүн Мазари-Шарифте өзбек командири Абдул Рашид Достум жана тажик командири Атта Мохаммед менен сүйлөшүү жүргүзүштү. Эки кол башчынын тең президент Хамид Карзайдын өкмөтү менен алакасы бар, бирок өлкөнүн түндүгүндө бийлик үчүн өз ара кармашып келатышат. Тараптардын ортосунда өткөн аптадагы чабыштарда кеминде жети киши набыт болду.
БУУнун өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин Атта Мухаммед коноктордун коопсуздук, маңзататкезчилиги жана борбордук өкмөт менен кызматташттык маселелерине кызыгышканын билдирди. Ал ошондой эле "Фракция башчылары Карзайдын бийлигин колдошот" деп ырастады.
БУУнун Ооганстанга бир жумага келген делегациясы кечээ Кабулда белгилүү саясий жана дипломатия ишмерлери менен жолугушкан эле.

XS
SM
MD
LG