Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Аргентинада 1994-жылы болгон террор аракетин Иран уюштурган деп айтылууда


Ирандын тышкы иштер министрлиги кечээ күнү атайын билдирүү жасап, 1994-жылы Аргентинадагы жөөт борборунун жардырылышына ирандыктардын тийешеси жок экенин дагы бир жолу кайталады. Жардыруудан 85 адам каза болгон жана Ирандын коопсуздук кызматында мурда иштеген Абдулгасан Месбахи өткөн аптада аргентиналык сотко - ал террор аракетинин артында Иран турган деп билдирген. Сотко видео байланыш аркылуу Берлинден жооп берген Месбахинин айтымында, чабуул аятолла Али Хаменеинин буйругу менен жасалган. Ирандын Аргентинадагы ал кездеги элчиси Азиз Сулейманпур өткөн август айында Лондондо камакка алынгандан кийин, Иран Аргентина менен болгон экономикалык жана маданий байланыштарын үзүп салган.

XS
SM
MD
LG