Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:44
БИШКЕК. Бүгүн Бишкекке Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Шигео Катсу алгачкы иш сапары менен келди. Ушул эле күнү Шигео Кацу президент Аскар Акаев жана премьер-министр Николай Танаев менен жолугушту. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыктын азыркы жагдайы тууралуу сөз жүрдү. Президент А. Акаев жолугушууда Кыргызстандын экономикалык өсүш темпи 5% ашык экендигин, жыл этегине чейин ушул абал сакталаарын белгиледи. Дүйнөлүк Банк мамлекеттик башкаруунун негиздерин бекемдөө, менчик секторду жана негизги кызмат көрсөтүү тармагын колдоо максатында 2003-2006-жылдарда иштей турган программанын алкагында Кыргызстанга колдоо көрсөтүүдө.
XS
SM
MD
LG