Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

АКШнын мамлекеттик катчысынын өкүлү Сауд Аравиясында жана Каирде болду


АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитаж Сауд Аравиясынын бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн терроризмге каршы күрөшүүдөгү кызматташуусу тууралуу сүйлөшүштү. Эр-Риядагы жардыруу терорристер менен күрөшүү узак мезгилге бараарынын далили экенине токтолду. Андан соң Каирге сапар алган Армитаж жергиликтүү телеканалга берген интервьюсунда, май айындагы Сауд Арвиясындагы жардыруудан кийин жергиликтүү коопсуздук кызматы терроризм менен күрөшүүдө алгылыктуу иштерди алып барганын билдирди:
- “Ал-Кайиданын” террористтик тобу өлкө башчысы падышаны жана анын династиясын өлкөдөн кууп чыгууну көздөйт.
Бүгүнкү маалыматтарга караганда, ишембидеги Сауд Аравиясынын баш калаасы Эр-Риядадагы терорист жан кечтинин автоунаадагы өзүн-өзү жардыруусунан 17 киши набыт болуп, 120 адам жараат алган. Бул терактты дүйнө коомчулугу айыптоодо.

XS
SM
MD
LG