Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

ИРАКТЫН ЭСКИ ТЫҢЧЫЛАРЫ ИШКЕ ЖАРАМАК...


Багдаддагы бир катар эксперттер Саддам Хусейндин бийлиги кулатылган соң Ирактын мурдагы коопсуздук кызматтарын жана армияны таркатып таштап, америкалыктар чекилик кетирди дешет. Эски режимдин тушунда кызмат кылган аскерилер менен полицмендерди, ошондой эле жашыруун тыңчыларды кайра жалдап алганда Иракта азыркыдай террордук кыянатчылыктар аз болмок, жок эле дегенде алардын айрымдарын алдын-алганга мүмкүндүк түзүлмөк.

Генерал Мохаммад Абдулла ал-Шахвани соңку он эки жылдан бери Саддамды бийликтен кулатуунун ар түрдүү пландарын түзүп,сунуш кылып келген диссиденттердин бири болгон. Анын айтымында,эски режимге эбедейи эзилбеген ирактыктар да америкалыктардын мурдагы аскери жана коопсуздук кызматтарын кууп таркатып жибергенине азыр каттуу капытта жүрүшөт. Ирактын чалгындоо органдары жаман иштеген эмес эле, алар баарынан маалымдар болчу, кылмышкерлердин коен жатагына чейин билчү. Ошол адистердин баары эми саларга кушу, кыларга иши жок үйүндө отурушат. Жайдак жерден жаңы структура түзгүчө далай мезгил керек болот, азыркыдай кыйчалыш маалда коалиция мурдагы полицмендердин көбүн кайра жумушка тартса, алардын чоң пайда-батасы тиймек, деп эсептейт генерал ал-Шахвани. Эски нөөкөрлөрдүн кызматынан оккупациялык бийликтер баш тартып койгон соң, балким, көбү антикоалициялык күчтөргө жалданып жан багып жаткан болушу да мүмкүн.

Ирактын улуттук биримдиги деп аталган дагы бир диссиденттик топтун өкүлү Хани Идрис эски режимдин көптөгөн оппоненттери коопсуздук иштеринде оккупациялык бийликке өздөрүнүн жардамын сунуш кылганын айтат. Америкалыктарга,анын ичинде Пол Бремердин өзүнө бу маселе боюнча кайрылып жатып ак мокодук, деп билдирди ал “Азаттыктын” Багдаддагы кабарчысына. Коалициялык бийликтер мурдагы диссиденттерге да ишенишпестен, өздөрү билип-баккан ыкмада гана коопсуздук механизмин түзгүсү келишти, анысы болсо Ирактын шартында таптакыр жараксыз болуп чыкты.

Көп жыл бою сүргүндө жүргөн Ирактын улуттук конгресси деп аталган топтун өкүлдөрү да ушундай ойдо. Энтифад Гамбар, мисалы, ЦРУнун аттуу-баштуу өкүлдөрүнө атайын кайрылып, Ирактын коопсуздук кызматтарындагы мурдагы тыңчыларды ишке тартууну бир канча ирет сунуш кылган. Бул аракеттен да майнап чыккан жок. Америкалык коопсуздук кызматтары болсо ирак коомунун шарт-шараятын, анын кыйын-кычыктуу өзгөчөлүктөрүн жакшы билишпейт. Эгер мурдагы тыңчылар кызматташууга тартылганда радикалдуу ар түрдүү топтордун пландары тууралуу күн мурунтан маалымдар болуп турганга шарт түзүлөт эле,деп эсептейт Гамбар. Ирактын жансыздары учурунда региондогу негизги террордук топтордун арасына да киргизилген болчу. Алардын кызматынан пайдаланганда Иракта азыркыдай кандуу окуялар аз болмок,бери эле дегенде алардын көбүн алдын-алып калганга болот эле,деп кошумчалады Гамбар.

XS
SM
MD
LG